Бишкекте эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ишмердүүлүккө чектөө киргизилет

Бишкекте эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ишмердүүлүккө чектөө киргизилет. Тагыраагы, 1-апрелден тартып соода борборлорундагы балдардын оюн-зоок аянттары ишин токтотот, — деп билдирет вице-мэр Айжан Чыныбаева. Чектөөлөр 2 жумага созулат. Вице-мэр белгилегендей, нормалардын сакталышын текшерүү үчүн соода борборлорунда рейд жүрөт. Мындай чаралар ордо калаадагы эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашынан улам… Кененирээк…

Учурга карата Суэцк каналы аркылуу 100дөн ашык кеме өткөрүлөт

Учурга карата Суэцк каналы аркылуу 100дөн ашык кеме өткөрүлөт. Жалпысынан кезек күткөндөрдүн саны 400дөн ашык. Жакынкы аралыкта эки тарапта жаралган тыгындарды жоюу боюнча график түзүлөт. Суэцк каналын кыймылга жаап калган контейнер ташыган кеме кечээ гана ордунан жылдырылды. Мындай кырдаалга карата жоопкерчилик капитанга тагылып жатат. Белгилүү… Кененирээк…

Бишкектеги №5 жана №14 троллейбустун иши калыбына келтирилди

Бишкектеги №5 жана №14 троллейбустун иши калыбына келтирилди. Калаа мэриясынан билдиришкендей, кечээ электр тармактарында жаралган аварияга байланыштуу аталган коомдук унаалардын иши убактылуу өзгөртүлгөн. Учурда троллейбустар мурдагы режимде жүргүнчүлөрдү ташып жатат.

Ташкент – Балыкчы – Ташкент поезд каттамы майдан тартып ишке кирет

Ташкент – Балыкчы – Ташкент поезд каттамы майдан тартып ишке кирет. Өзбекстандын массалык маалымат каражаттары билдиришкендей, темир жол каттамы жумасына бир ирет аткарылат. Поезд Ташкенттен Балыкчыга келип, кайра артка кетет. Күтүлгөндөй, жүргүнчүлөр 6 ай бою эки өлкө ортосунда каттай алышат

Ош облусунун Ноокат шаары таза суу менен камсыздалат

Ош облусунун Ноокат шаары таза суу менен камсыздалат. Күтүлгөндөй, аталган шаарга жакын жайгашкан Фрунзе, Чапаев айылдарына да суу системасы тартылат. Жалпысынан аймактагы 10 миңден ашык адамдын муктаждыгы чечилет. Бул үчүн Европа калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкынан 4 миллион 800 миң евро алынат.  Сумманын жарымы насыя,… Кененирээк…

Суэц каналын жаап калган контейнер ташыган кеме ордунан жылдырылды

Суэц каналын жаап калган контейнер ташыган кеме ордунан жылдырылды. Bloomberg билдиргендей, бирок, соода каттамы качан калыбына келери белгисиз. Учурда кемени багытка карата түздөө иштери жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, суу үстүнөн контейнер ташуучу узундугу 400 метрди түзгөн ири кеме япониялык компанияга таандык. Ал 23-марттан бери Азия… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Дархан айылына таза суу системасы тартылды

Ысык-Көл облусунун Дархан айылына таза суу системасы тартылды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, суу 110 метр тереңдиктен чыгарылып, керектөөчүлөр үчүн атайын эсептегичтер орнотулду. Жыйынтыгында калктын 70 пайызы таза суу менен камсыздалды. Долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланды.

Бишкек мэриясы күн сайын эпидемиологиялык кырдаал боюнча онлайн-брифинг өткөрөт

Бишкек мэриясы күн сайын эпидемиологиялык кырдаал боюнча онлайн-брифинг өткөрөт. Калаа бийлигинен билдиришкендей,  иш-чарада муниципалитеттин жана шаардык кызматтардын жетекчилери калаадагы кырдаал боюнча маалымат берип, шаардык штабдын, мэриянын жана анын бөлүмдөрүнүн аткарып жаткан иштери боюнча айтып беришет. Пландалгандай, биринчи брифинг бүгүн өтөт. Ал мэриянын Facebook баракчасында түз… Кененирээк…

Бишкекте муктаж адамдарга кийим-кечек чогултуу үчүн 80 бокс пайда болот

Бишкекте муктаж адамдарга кийим-кечек чогултуу үчүн 80 бокс пайда болот. Балдардын укугун коргоо фондунан билдиришкендей, атайын долбоордун алкагында ордо калаадагы соода борборлорунун ичине 50, көчөлөргө 30 бокс орнотулат. Аларга каалоочулар кийим-кечек, оюнчук жана башка жеке буюмдарды салса болот.

Нарын облусунун Бугучу айылындагы мектептин курулушу 90 пайызга аяктады

Нарын облусунун Бугучу айылындагы мектептин курулушу 90 пайызга аяктады. Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, учурда объектиде ички жана тышкы жасалгалоо жумуштары аткарылууда. Билим берүү мекемеси 150 окуучуга ылайык. Курулуш иштерине 690 миң доллар сарпталды, сумма Сауд өнүктүрүү фондунан алынган насыянын эсебинен берилди. Күтүлгөндөй, жаңы мектеп ушул… Кененирээк…