Ысык-Көл облусунун Төрт-Көл айылында жаңы маданият үйү ачылды.
Аймакты өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, аталган айылда буга чейин
маданий иш-чараларды өткөрө турган мекеме жок болчу. Курулуш иштерине
фонд тарабынан дээрлик 15 миллион сом сарпталды. Маданият үйү 200 орунга чакталат,
объекти бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалып, эмеректер орнотулду.