Бишкек – Кара-Балта темир жол каттамы 31-мартта аткарылбайт

Бишкек – Кара-Балта темир жол каттамы 31-мартта аткарылбайт.

Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан эскертишти. Маалыматка ылайык,

убактылуу чектөө Беловодск – Шопоков тилкесинде жол оңдоо иштерине байланыштуу.

Поезд кайрадан 1-апрелден тартып, жүгүртмөгө ылайык жүргүнчүлөрдү ташып баштайт.