Ош облусунда жер титирөө катталды

Ош облусунда 4-апрелде жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.   Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-апрель күнү саат саат 10:26да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында — 2,5 баллга чейин сезилген.… Кененирээк…

Баткенде Айгүл гүлү гүлдөдү

Баткендин символу болгон дүйнөдө сейрек кездешүүчү гүлдөрдүн катарына кирген Айгүл гүлү гүл ачты. Бул тууралуу социалдык тармактагы «Баткен деми» аттуу баракча гүлдүн сүрөттөрүн жарыялап, колдонуучуларды кабардар кылды. «Өзгөчө Айгүл гүлү гүлдөп баштады. Айгүл гүлү жыл сайын апрель айынын орто ченинде ачылып, май айынын орто ченине… Кененирээк…

Бул жумада кыргызстандыктарды кошумча эс алуу күтүп турат

Бул жумада кыргызстандыктарды кошумча эс алуу күтүп турат. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Апрель элдик революциясынын жылдыгына карата 7-апрель эс алуу күнү деп жарыяланат.   Өкмөт туура бөлүштүрүү максатында, эс алуу күндөрүн жылдырбайт.

Кытай Кыргызстанга кезектеги гуманитардык колдоо көрсөттү

Кытай Кыргызстанга кезектеги гуманитардык колдоо көрсөттү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жүктө коргоо кийими, хирургиялык колкаптар, беткаптар, көз айнек, халаттар, ИВЛ-аппараттар жан ПЦР-анализдери үчүн жабдуулар бар.   Гуманитардык колдоонун жалпы баасы 63 миллион сомду түзөт.

Мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн ачылган  депозиттик эсепке 1,5 миллион сомдон ашык чогулду

Мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн ачылган  депозиттик эсепке 1,5 миллион сомдон ашык чогулду. Экономика жана каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражатты укук коргоо органдары которгон.   Ошондой эле, физикалык жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдары да бар. Сумма мамлекеттик казнага которулду. Эске салсак, депозиттик эсепти ачуу чечими январь… Кененирээк…

Унаанын алдыңкы айнектерин акылуу тонировкага уруксат берүү жолдору каралууда

Унаанын алдыңкы айнектерин акылуу тонировкага уруксат берүү жолдору каралууда. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов жарыялады.   Анын айтымында, мындай чара менен бюджетти толуктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.   Учурда бул сунуш каралып, долбоор Жогорку Кеңештин талкуусуна чыгарылат. Эске салсак, бүгүнкү күндө республика аймагында унаалардын айнектерин караңгылатууга тыюу… Кененирээк…

Россиялык “Спутник V” вакцинасын сатып алууга 215 миллион сом бөлүндү

Россиялык “Спутник V” вакцинасын сатып алууга 215 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Анын айтымында, учурда препараттын баасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Орточо эсеп менен анын бир дозасы 8-10 долларга айланат. Ал эми Россия акысыз убадалаган 500… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 107 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 107 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 77, Ошто 1, Чүйдө 26, Ысык-Көлдө 3 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 85 миң 271ди түздү.

Японияда жергиликтүү авиакомпания аэропортто токтоп турган учактардан пайда көрүү жолун тапты

Японияда жергиликтүү авиакомпания аэропортто токтоп турган учактардан пайда көрүү жолун тапты.   Эми лайнердин бортунда каалоочулар тамактанып алса болот. Тейлөө классына жараша иллюминатордун жанында тамактануунун баасы 270 же 540 долларды түзөт.   Бул пандемия учурунда эч жакка учпай калып, самолетторду сагынгандарга жакшы ыкма. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Бишкекте Жибек Жолу проспектинде жайгашкан “Тулпар” жеңилдетилген кызыл карталарын берүү борбору жабылды

Бишкекте Жибек Жолу проспектинде жайгашкан “Тулпар” жеңилдетилген кызыл карталарын берүү борбору жабылды. Мэриянын маалыматына ылайык, Биринчи май районунун тургундары Чүй проспектинде жайгашкан Ленин районунун сервистик борборуна кайрылышы керек.   “Тулпар” командасы болсо, башка имарат бөлүп берүүгө арыз жөнөттү. Калган борборлор кадимки режимде иштеп жатат.