“Коопсуз шаар” долбоорунун камералары каттаган эрежелердин айыптары төмөндөтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов жарыялады.
Анын айтымында, мындай чечимди өлкө бийлиги азык-түлүккө жана бензинге болгон баалар кескин көтөрүлгөнүнө байланыштуу кабыл алды.
Президенттин тапшырмасы менен өкмөт башчы тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. Жакынкы арада документ парламенттин кароосуна чыгарылат.