“Түндүкэлектр” тиричилик керектөөчүлөргө үч фазалуу эсептегичтерди берүүнү токтотту
“Түндүкэлектр” тиричилик керектөөчүлөргө үч фазалуу эсептегичтерди берүүнү токтотту. Мындай чектөөлөр бүгүнтөн тарта киргизилип, кийинки жылдын 1-апрелине чейин күчүндө болот. Ошондой эле, кубаттуулукту жогорулатуу үчүн уруксат берүү процедурасы дагы токтотулду. Мындай чара өлкөнүн энергоресурсун үнөмдүү колдонуу үчүн жана кышкы сезонду ийгиликтүү өткөрүү үчүн кабыл алынды.