Курманбек Бакиевдин бир тууганы Каныбек Бакиевдин кылмыш иши боюнча соттун өкүмү жокко чыгарылды

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Каныбек Бакиевдин кылмыш иши боюнча соттун өкүмү жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, 27-апрелде Жогорку сот тарабынан буга чейин Бакиевге карата чыккан Жалал-Абад шаардык (25-март, 2020-жыл) жана облустук соттун (10-декабрь, 2020-жыл) өкүмү жокко чыгарылган.… Кененирээк…

Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жарык өчүрүлдү

Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жарык өчүрүлдү. “Түндүк электрден” билдиришкендей, кечки саат 6га чейин Байтик Баатыр, Кишинев, Достаевский, Абдрахманов, Патриса Лулумба, Волков, Садырбаев, Коммунаров, Ахунбаев, Дэн Сяопин көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Арча-Бешик конушунда жарык жок болот. Өчүрүүлөр оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу.

Айт намаз Кыргызстан боюнча мечиттерде гана окулат

Айт намаз Кыргызстан боюнча мечиттерде гана окулат. Бул тууралуу мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Мечиттерде Айт намазы санитардык эрежелерди сактоо менен окулат. Социалдык аралыкты сактап, бет кап тагынуу зарыл. Эске салсак, буга чейин муфтият Бишкектеги эски аянтта жана Оштун борбордук аянтында айт намазын окууга тыюу салган.… Кененирээк…

Ош шаарында таза суу көйгөйү чечилет

  Ош шаарында таза суу көйгөйү чечилет. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, маселени чечүүгө багытталган долбоор 2022-жылы башталат жана ал көйгөйдү 80 пайызга чечүүгө жардам берет. Азия өнүктүрүү банкы суу тосмону 2 чакырым жогору аймакка жылдырууга 3 миллион доллар бөлүп берет. Мэриядан кошумчалашкандай, бир жылда… Кененирээк…

Кара-Кулжа районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, 200дөн ашык тургун эвакуацияланды

Кара-Кулжа районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, 200дөн ашык тургун эвакуацияланды. Сары-Булак айылынын жашоочулары Кара-Кочкор айылындагы мектептин имаратына жана туугандарыныкына жеткирилди, — деп билдиришти өзгөчө кырдаалдар министрлигинен. Андан тышкары, аталган аймактагы Сары-Булак, Кара-Кочкор, Ак-Кыя айылдарындагы турак жайларды суу каптап, Кара-Кулжа — Ак-Кыя, Мырзаке —… Кененирээк…

Тарых музейинин чет элдик компанияга 225 миң евро карызы бар

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин депутаттары 10-майда Мамлекеттик тарых музейине барышты. Парламенттин сайтында жарыяланган маалыматка караганда, жыйында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев музейдин реконструкциясы, маданий мекеменин ичинде жана сыртында жүргүзүлгөн оңдоо иштери жөнүндө… Кененирээк…

Татарстанда бүгүн аза күтүү күнү деп жарыяланды

Татарстандын Казань шаарындагы мектептен 7 окуучу жана 1 мугалим каза тапты. Анда улам, бүгүн, 12-май, Татарстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу РИА Новости Татарстандын президентинин маалымат кызматына таянып кабарлады. Террорчулукка каршы күрөшүү улуттук комитетинин маалыматына караганда, окуянын кесепетинен көз жумгандардан тышкары 20 окуучу… Кененирээк…

Пандемиядан улам карантин учурунда ашыкча салмактан жапа чеккен балдар көбөйдү

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемиясынан улам узакка созулган карантин учурунда ашыкча салмактан жапа чеккен балдар көбөйгөнүн билдирди. 11-майда жарыяланган отчетто мектептердин карантинге жабылышы жана онлайн окуудан улам балдар аз кыймылдап, туура тамактануу бузулганы айтылат. Уюмдун Европа боюнча бюросунун директору Ханс Клюге “СOVID-19 пандемиясы Европадагы… Кененирээк…

Кыргызстандыктар ушул жумада кошумча эс алышат

Кыргызстандыктар ушул жумада кошумча эс алышат. Тагыраагы, эртең Орозо Айтка карата, бейшемби, 13-май дем алыш деп белгиленди. Андан улам, бул апта 4 иш күнүнө созулат. Өлкө жарандары жумушка кайра жумада кайтат.

Катардык кайрымдуулук уюм баткендиктерге 100 миң долларга турак жай куруп берүү ниетинде

Катардык кайрымдуулук уюм чектеш аймакта чыккан чыр-чатактан жабыр тарткандарга 100 миң долларга турак жай куруп берүү ниетинде. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Андан белгилешкендей, Катардык уюм тарабынан аймакка гуманитардык жардам берилди. 2 миң үй-бүлөгө 110 тонна азык-түлүк тапшырылды. Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы… Кененирээк…