Кытай Кыргызстанга кезектеги ирет жардам берет

Кытай Кыргызстанга кезектеги ирет жардам берет.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, биздин өлкөгө гуманитардык жардам катары

COVID-19га каршы вакцинанын 150 миң дозасы келиши күтүлүүдө. Андан тышкары, экономиканы колдоого

54 миллион доллар грант берүү макулдашылды. Жардамды алуу боюнча сүйлөшүү эки өлкөнүн ведомство

жетекчилери ортосунда өттү.  Эске салсак, 19-мартта кытайлык препараттын биринчи партиясы өлкөгө жеткирилген.

Анда дагы 150 миң доза кайтарымсыз негизде ыйгарылган. Кытайлык вакцинаны акысыз түрдө, өз каалоосу менен

медицина кызматкерлери, мугалимдер, чек арачылар жана жашы 65тен жогорку жарандар алышууда.