Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чара өткөн жумада
аймактагы Кара-Үңкүр дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, жашоочулардын турак жайларына
коркунуч жаралгандыктан кабыл алынды. Суунун нугун буруу иштерин айыл тургундарынын
атайын техникалары жүргүзүүдө. Учурда Көкчө-Көз аймагында убактылуу тосмо орнотулуп жатат.