Кыргызстанда катуу карантин киргизилбейт

Кыргызстанда катуу карантин киргизилбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы өлкөдө карантин киргизилгенден кийин экономикалык кризис катталды.

 

Андыктан, бийлик калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө киришти. Министр дагы жарандарды санитардык нормаларды сактап, зарылчылык жок болсо, эл көп чогулган жерлерге баруудан баш тартууну сунуштайт.