Кыргызстанда дагы 289 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып чыкты.
Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандар Бишкекте – 197, Чүйдө — 52,
Ошто – 13, Талас жана Ысык-Көлдө – 5тен, Нарында – 10, Жалал-Абадда – 6 жана
Баткенде – 1. Ушуну менен өлкө боюнча жалпысынан 92 миң 409 адам ковидди жеңип чыкты.