Өзгөн районунун Большевик айылында селге агып кеткен 8 жаштагы бала каза тапты

Өзгөн районунун Большевик айылында селге агып кеткен 8 жаштагы бала каза тапты.

Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. Маалыматка караганда, кечээ саат 13:20 чамасында Большевик айылында жааган

жаандын кесепетинен тоодон сел жүргөн. Ошол учурда кой кайтарып жүргөн 2013-жылы туулган У.А. аттуу баланы сел агызып кеткен.

Аталган бала туугандары тарабынан табылып, ооруканага алып барган учурда каза болуп калган.

Учурда селдин кесепеттерин тазалоого техникалар тартылды.

Кечээ сел Өзгөн районунун Комунист айылынын Кирпичный тилкесинде жана Токтогул айылындагы үйлөрдүн короолоруна кирди.

Алай району Ленин айыл аймагында да сел жүрүп, Кызыл-Коргон айылында ички чарбалык унаа жолду жана

мечиттин короосун каптады. Ички чарбалык унаа жолду тазалоо иштери айыл өкмөткө милдеттендирилди.

Буга чейин жергиликтүү тургундар 11-май күнү саат 11:30да нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүргөнүн билдиришкен.

Алар айылдын башында жайгашкан каналдан суу ашып, үйлөрдү, жолдорду, эгин талааларын каптаганын айтышкан.

Жашоочулар өздөрү суунун нугун буруп, тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.