Америкалык актёр Том Круз «Алтын глобустун» үч сыйлыгынан баш тартты

Америкалык актёр Том Круз Чет элдик пресса ассоциациясына «Алтын глобустун» үч сыйлыгын кайтарып берди.

CNN жарыялагандай, тасма каарманы мындай кадамга расалык теңсиздиктен улам барды. Тагыраагы,

актер сыйлык тапшырган калыстар тобунун курамы түрдүү расадагы адамдардан түзүлбөгөнүнө каршы чыкты.

Сыйлыктар Том Крузга “Джерри Магуаер”, “4-июлда төрөлгөн” жана “Магнолиялар” тасмаларында эркектин

ролун мыкты аткаргандыгы үчүн ыйгарылган. «Алтын глобус» — «Оскардан» кийинки эле беделдүү  киносыйлык