Быйыл Ысык-Көлдөгү балдар лагерлеринин ачылышына чектөөлөр жок

Быйыл Ысык-Көлдөгү балдар лагерлеринин ачылышына чектөөлөр жок. novosti.kgге өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, эс алуу жайлары өз мөөнөтүндө ачылат деп күтүлүүдө. Балдарды кабыл алган мекемелерге санитардык талаптарды сактоо тапшырмалары берилип, түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө аймакта 19 балдар лагери бар. Аны үчөө мамлекеттик болсо, калгандары жеке… Кененирээк…

Ушул жума менен өлкө мектептеринде окуу жылы аяктайт

Ушул жума менен өлкө мектептеринде окуу жылы аяктайт. 25-майда окуучулар үчүн акыркы коңгуроо салтанаты онлайн форматта жаңырат. Быйыл мектеп парталары менен 11-класстын 61,5 миң окуучусу коштошот. Алардын 6,5 миңи Бишкекке туура келет. Андан тышкары, 9-классты 103 миң окуучу аяктап жатат.

Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы масштабдуу деңгээлде белгиленет

Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы масштабдуу деңгээлде белгиленет. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, майрамды белгилөө планына 100дөн ашык иш-чара камтылды. Алар Бишкекте жана аймактарда өткөрүлөт. Алсак, театрлаштырылган оюн-зоок, ири жарманкелер жана спорттук мелдештер уюштурулат. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов белгилегендей, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен иш-чаранын… Кененирээк…

Коронавируска каршы вакцина алуу үчүн атайын даярдык талап кылынбайт

Коронавируска каршы вакцина алуу үчүн атайын даярдык талап кылынбайт. Бул тууралуу Республикалык вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча илимий-практикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди. Анын айтымында, вакцина алуу үчүн эмдөө түйүнүнө кайрылуу керек. Процедурага чейин дарыгер бейтаптын дене табын, кан басымын ченеп, маалымат алат. Вакцина алгандан кийин… Кененирээк…

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага жаңы директор бекитилди

Нуржан Иманкулова Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу китепканадан билдиришти. Буга чейин бул кызматта иштеп келген Жылдыз Бакашова министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган. Нуржан Иманкулова 1969-жылы туулган. Жогорку билимдүү.

Кегети токоюна 2 миң түп Тянь-Шань карагайы отургузулду

Кегети токоюна 2 миң түп Тянь-Шань карагайы отургузулду. Айыл-чарба министрлигинен билдиришкендей, ушул дем алыш күндөрү 2 гектар аянтта көчөттөр пайда болду. Белгилеп кетсек, Кегети токоюнун жалпы аянты 10 миң гектарга жакын. Быйыл жыл башынан бери анын 5 гектарына ийне жалбырактуу 5,5 миң көчөт отургузулду.

Кыргызстанда ID-картаны акысыз берүү кампаниясы уланууда

Кыргызстанда ID-картаны акысыз берүү кампаниясы уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда калкты каттоо департаменти Билим берүү жана Саламаттыкты сактоо министрликтеринен түшкөн тизмелерди кайрадан иштеп чыгууда. Эске салсак, 6 категориядагы жарандарга 2017-жылкы үлгүдөгү идентификациялык паспорттор акысыз берилет. Улуттук кампания  31-августка чейин уланат.

Жалал-Абаддын Аксы районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Жалал-Абаддын Аксы районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жеринде тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул үчүн кызматкерлер жана атайын техникалар тартылды. Эске салсак, өткөн жумада катуу жааган жаандын кесепетинен, Кара-Жыгач — Сары-Челек унаа жолунун… Кененирээк…

Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон ачылды

Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон ачылды. Бул тууралуу novosti.kgге өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Андан белгилешкендей, эс алуу жайлары эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен иштейт. Туристтер эрежеге ылайык кабыл алынат. Белгилеп кетсек, быйылкы жайкы сезон жылдагыдан 10 күнгө эрте ачылды. Учурда Ысык-Көлдө 155 пансионат, 400дөн ашык мейманкана жана… Кененирээк…

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоого 40 миллион сом сарпталат

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоого 40 миллион сом сарпталат. «Азаттыкка» БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов билдиргендей, мурдагы шайлоого салыштырмалуу бул ирет каражат азыраак сарпталышы күтүлүүдө. Комиссия эсебине ылайык, кызматкерлер мурдагыдай эки айдан ашык эмес, кырк эле күн иштейт. Эске салсак,… Кененирээк…