Коронавируска каршы вакцина алуу үчүн атайын даярдык талап кылынбайт.
Бул тууралуу Республикалык вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча илимий-практикалык
борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди. Анын айтымында, вакцина алуу үчүн эмдөө
түйүнүнө кайрылуу керек. Процедурага чейин дарыгер бейтаптын дене табын, кан басымын ченеп,
маалымат алат. Вакцина алгандан кийин ал 2 күн бою адистердин көзөмөлүндө болот.
Бардык белгилер электрондук базага катталат.