Жалал-Абаддын Аксы районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Жалал-Абаддын Аксы районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жеринде тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул үчүн кызматкерлер жана

атайын техникалар тартылды. Эске салсак, өткөн жумада катуу жааган жаандын кесепетинен,

Кара-Жыгач — Сары-Челек унаа жолунун 17-чакырымын сел алып, авариялык абалга келген.

Андан улам, атайын белгилер орнотулуп, көпүрө жана жол жабылган.