Кегети токоюна 2 миң түп Тянь-Шань карагайы отургузулду.
Айыл-чарба министрлигинен билдиришкендей, ушул дем алыш күндөрү
2 гектар аянтта көчөттөр пайда болду. Белгилеп кетсек, Кегети токоюнун
жалпы аянты 10 миң гектарга жакын. Быйыл жыл башынан бери анын
5 гектарына ийне жалбырактуу 5,5 миң көчөт отургузулду.