Кыргызстан “Спутник V” вакцинасынын өндүрүүчүлөрү менен жарактан чыккан препараттын ордун толтуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Кыргызстан “Спутник V” вакцинасынын өндүрүүчүлөрү менен жарактан чыккан препараттын ордун толтуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.   Анын айтымында, бузулган препарат вакцинанын биринчи компоненти болчу.   Эске салсак, 30-апрелде атайын муздаткыч электр энергиясынан суурулуп, вакцинанын 930 дозасы жарактан… Кененирээк…

Кыргызстандын алтын запасы бир айда 22 миллиард сомго кымбаттады

Апрель айында Кыргызстандын алтын кору 22 миллиард долларга кымбаттады. Бул тууралуу маалымат өлкөнүн Улуттук банкынын расмий сайтына чыкты. Ушул жылдын 1-апрелинде башкы банктагы алтындын резерви 76 миллиард 986,8 миллион сомго, ал эми май айынын башында 99 миллиард 33,7 миллион сомго бааланган. Алтын корунун бул баасы… Кененирээк…

Кытайда 300 метрлик асман тиреген имарат чайпалды (видео)

Кытайда 300 метрлик асман тиреген имарат чайпалды. Анын ичиндеги адамдар кыймылды сезип, сыртка чыгууга шашты. Ал эми эшиктегилер имараттын алдында калбайын деп шашкалактап чуркашты.   Бактыга жараша, имарат кулаган жок, эчким жабыркаган жок. Небоскреб эмне себептен кыймылдаганы табышмак бойдон калды, анткени, бул учурда жер титирөө… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жүрүшүндө 6 бүтүрүүчү дисквалификацияланды

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жүрүшүндө 6 бүтүрүүчү дисквалификацияланды. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.   Анын айтымында, абитуриенттер тестирлөөгө телефон, шпаргалкаларды жоолуктарга жана маскаларга катып киришкен. Андан тышкары, окуучулардын атын жамынып башка эле киши сынакка кирген учурлар дагы… Кененирээк…

Баткен облусунда жарандардын документтерин калыбына келтирүү боюнча иштер уланууда

Баткен облусунда жарандардын документтерин калыбына келтирүү боюнча иштер уланууда. Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү Максат айылында жүргүзгөн иштердин алкагында паспорт даярдоо боюнча 27 арыз кабыл алышты.   Бүгүнкү күндө анын 18и берилди. Айыл тургундарына ошондой эле баланын туулгандыгы тууралуу 38 күбөлүк жана нике тууралуу 6 документ… Кененирээк…

Тажикстан менен чек ара тилкелеринин биринде кайгуул жүргүзүү убактылуу жылдырылды

  Тажикстан менен чек ара тилкелеринин биринде кайгуул жүргүзүү убактылуу жылдырылды. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, кеп Унжу-Булак жергеси тууралуу болуп жатат.   Бул жер эл аралык укуктук каттоодон өткөнчө кайтарууга алынбайт. Ведомстводон белгилешкендей, жалпысынан чек арада абал тынч.   Ош облусунун Чоң-Алай районунда чек… Кененирээк…

Кенелер Кыргызстандын кайсы жеринде көп

Кенелер сезону башталды. Буга байланыштуу, дарыгерлер сак болууга чакырат. Аталган курттардын активдешүүсү апрель-майда жана августтун акырында байкалат.   Адатта зоолдор Түп районунун өрөөндөрүндө, Ала-Арча жана Кегети капчыгайларында көп кездешет. Андыктан, адистер бул жерлерге баруудан баш тартууну сунуштайт.   Ал эми буга карабай, жаратылыш койнуна чыккандар… Кененирээк…

WhatsApp жаңы функция киргизет

WhatsApp жаңы функция киргизет. Учурда адистер аны тестирлөөдөн өткөрүп жатат. Ал ишке кирсе, колдонуучулар чаттарды архивге сактай алат. Билдирүү келсе дагы, ал мессенджердин төмөн жагында кала берет.   Бул тайпалык сүйлөшүүлөрдү жактырбай, бирок алардан кандайдыр бир себептер менен чыга албай жаткандарга ыңгайлуу болот. Анткени, мындай… Кененирээк…

Ош шаарынын мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты онлайн форматта өтөт

Ош шаарынын мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты онлайн форматта өтөт. Бардык массалык иш-чараларга тыюу салынды, — дешти түштүк калаа мэриясынын басма-сөз кызматынан.   Андан такташкандай, чечим эпидемияга каршы комиссиянын жыйынында кабыл алынды. 24-25-майда милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иштеп, абалды көзөмөлгө алат. Белгилеп кетсек, Бишкекте акыркы коңгуроо… Кененирээк…

БШК Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деген чечимин күчүндө калтырды

БШК Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деген чечимин күчүндө калтырды. Комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, шайлоо кампаниясы учурунда 400гө жакын мыйзам бузуулар боюнча билдирүүлөр келип түшкөн.   Эске салсак, өткөн жумада аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп… Кененирээк…