Быйыл Кыргызстандын бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” 25-майда онлайн форматта өтөт.
Мындай талап мамлекеттик жана менчик мектептердин барына тиешелүү. Ар бир облус өзүнүн
куттуктоосун видео форматта даярдайт, ал мамлекеттик телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт, — деди
Мектеп жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын өкүлү Айнура Кусеинова. Ал белгилегендей,
Бишкекте 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн “Акыркы коңгуроо” мектепте кадимки тартипте
өткөрүү чечими жокко чыгарылды. Буга ордо калаа “кызыл зонада” болгону себеп.