Кыргызстандагы банкоматтардын саны быйыл 6 пайызга көбөйүп, 1 миң 800гө жетти.
Көрсөткүч үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталына карата түзүлдү.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, банкоматтардын 37 пайызы же 703ү Бишкекте жайгашкан.
Ал эми Ош жана Жалал-Абад облустарында 531 автомат бар. Андан тышкары,
POS-терминалдардын саны 12 миңди түздү. Алар былтыркы жылдын
ушул эле мөөнөтүнө салыштырмалуу 6 пайызга же 664кө көбөйдү.