БШК Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты

БШК Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Комиссия төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, добуш берүү учурунда 400гө жакын мыйзам бузуу катталды. Эске салсак, өткөн жумада Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгында 60 миң добуш жокко чыгарылган. Бул жалпы добуштун 45 пайызын түзөт. Ал эми шайлоого… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Бишкек жана Чүй өрөөнүндө бүгүн жакынкы бир сааттын аралыгында жана кечинде күн күркүрөп, катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти. Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.

Министрлер кабинетинин орун басары — санариптик өнүгүү боюнча министр кармалды

Министрлер кабинетинин орун басары — санариптик өнүгүү боюнча министр Азамат Дыйканбаевдин кармалгандыгын УКМКдан кабарлашты. Ал ири суммадагы пара талап кылган деп шектелүүдө. «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашырып жаткан чет элдик компания Дыйканбаев долбоордун келишиминде каралган ишти бүтүрүү мөөнөтүн узартуу маселесин оң жакка чечип… Кененирээк…

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы мектеп 8 жылдан бери курулуп бүтө элек

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы мектеп 8 жылдан бери курулуп бүтө элек. Жогорку Кеңештин сайтында айтылгандай, объекти 700 окуучуга чакталат жана анын сметалык баасы 174 миллион сомду түзгөн. Бирок куруучу компаниядан билдиришкендей, мектепти толук куруп, жабдуулар менен камсыздоого 200 миллион сомдон ашык керектелет. Буга байланыштуу Жогорку… Кененирээк…

Жалал-Абад облусундагы кооптуу дарыялардын жээктери бекемделет

Жалал-Абад облусундагы кооптуу дарыялардын жээктери бекемделет. Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, жаан-чачындан улам дарыянын деңгээли көтөрүлүп Сузак районундагы 6 тилкеде кооптуулук жаралды. Көк-Арт дарыясынын 5 чакырымын бекемдөө муктаждыгы бар. Андан тышкары, Кара-Дарыя айылындагы дарыянын 2 чакырым жээгине дамба курулат. Бирок, пандемиядан улам каржылоо токтотулган. Учурда… Кененирээк…

Бир жылда эт жана жумуртка 3/1 эсеге кымбаттады

Бир жылда эт жана жумуртка 3/1 эсеге кымбаттады. Өлкөдө 15-майга карата кой этинин бир килограммы орточо эсеп менен 460 сомду түздү, бул былтыркы жылдын май айына салыштырмалуу дээрлик 33 пайызга же 113 сомго жогору, — дешти монополдукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттигинен. Ал эми уй… Кененирээк…

“Кыргыз темир жолу” ишканасында коррупциялык схема аныкталды

“Кыргыз темир жолу” ишканасында коррупциялык схема аныкталды. УКМКдан билдиришкендей, мекеменин жетекчилиги тарабынан былтыр майдан тартып быйыл апрелге чейин эки ишкананын дарегине 500 миллион сомдон ашык которулган. Сумма, товар-материалдарды жеткирүү үчүн деп көрсөтүлгөн. Анын ортосунда «Кыргыз темир жолу» көрсөтүлгөн мөөнөттө аталган компаниялар менен келишим түзбөгөнү аныкталды.… Кененирээк…

Баткенге жардам берүү үчүн атайын эсептерге 100 миллион сом чогулду

Баткендеги Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн атайын эсептерге 100 миллион 141 миң 931,88 сом чогулду. Чогулган каражаттарды көрсөткөн сайтта жазылгандай, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын эсебине 92 млн 37 миң 724,51 сом, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 2 млн 218 миң 573 сом жана… Кененирээк…

Абдил Сегизбаев УКМКнын абагында 25-июлга чейин калтырылды

Мурдагы башкы чекист Абдил Сегизбаев УКМКнын абагында 25-июлга чейин калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабарлады. Баш коргоо чарасын узартуу чечими бүгүн кабыл алынган. Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголгонун, бир иш жашыруун грифи менен… Кененирээк…

Бишкекке экологиялык тазалоо процесси менен жабдылган мунара орнотуу сунушталды

Бишкекте экологиялык беш баскычтуу тазалоо процесси менен жабдылган «Smog Tower» орнотуу сунушталды. Бул тууралуу убактылуу мэр Бактыбек Кудайбергенов менен «Cloud Tech» компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкууланды. «Cloud Tech» мунара түрүндөгү сунуш кылган инновацияны ачык талаага дагы, калк жыш жайгашкан мегаполисте дагы орнотууга болот. Ал беш баскычтуу… Кененирээк…