23-майдан баштап Бишкекте жайдагыдай ысык болот.
Синоптиктердин маалыматы боюнча, ушул ишембиден тартып термометр мамычалары күндүз
+30 градусту көрсөтсө, түнкүсүн +20 градуска чейин жетет. Бүгүн кечинде жана эртең ордо калаада жамгыр жаайт.
Күтүлүп жаткан жаан-чачын жаздын акыркы күндөрүн жыйынтыктайт. Андан кийин калаа тургундарын катары менен
15 күн бою ачык аба-ырайы күтөт. 23-майга чейин жагымдуу аба-ырайы болот, дүйшөмбүдөн тартып ысык күндөр башталат.