Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү түйүндөргө радиациялык көзөмөл киргизилет.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жаңычылдык “Торугарт” жана “Иркештам”
көзөмөл-өткөрүү түйүндөрүндө пайда болду. Эми радиациялык көзөмөл чек арадагы жана
темир жолдорундагы 16 өткөрүү түйүндөрүндө жүргүзүлөт. Атайын жабдуунун иши өткөрүү
пункттарынан кирип жаткан унаалардын жана жүктөрдүн радиациясын көзөмөлдөөгө багытталат.