Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Монголияга жеңилди

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Монголияга жеңилди. Оюн 0:1 эсеби менен аяктады. Оюнда жалгыз голду Монгол курама командасынын оюнчусу  биринчи таймда эле киргизди.   Дүйнө чемпионатына тандап алуу алкагындагы беттеш Осака шаарында өттү.   Белгилеп кетсек,  ФИФА рейтингине ылайык, Монголия курамасы 190-орунда турат, ал эми… Кененирээк…

Нарын облусунун Туз айлында мектептин курулушу ушул жылдын 1-сентябрына чейин жыйынтыкталат

Нарын облусунун Туз айлында мектептин курулушу ушул жылдын 1-сентябрына чейин жыйынтыкталат. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, эки кабаттуу имарат окуу корпусунан, спорт зал жана галереядан турат.   Мектеп 225 окуучуга чакталган.  Долбоорду ишке ашыруунун сметалык баасы 58 миллион 300 миң сомду түзөт.

Коронавирус менен күрөшүүдө каза тапкан медицина кызматкерлерине эстелик орнотулат

Коронавирус менен күрөшүүдө каза тапкан медицина кызматкерлерине эстелик орнотулат. Министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, мындай чечим “кийинки муун эпидемиологиялык абал кандай баа менен турукташканын билиши үчүн” кабыл алынды.   Ковид менен күрөшүп жаткан дарыгерлерди чагылдырган айкелдин долбоору тартууланды.   Бишкек мэриясы эстеликти орнотууга жер аныкташы… Кененирээк…

Бишкекте кечки эмдөө түйүндөрү убактылуу жабылды

Бишкекте кечки эмдөө түйүндөрү убактылуу жабылды. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул чечим биринчи компонент менен вакцинация жыйынтыкталганына байланыштуу кабыл алынды.   Студенттер бейтапканасында жайгашкан түйүндө гана күндүзгү саат 3төн түнкү 11ге чейин эмделип алса болот.   Эске салсак, Бишкекте… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-июлдан тарта алкоголдук жана тамеки продукциясын милдеттүү түрдө маркировкалоо киргизилет

Кыргызстанда 1-июлдан тарта алкоголдук жана тамеки продукциясын милдеттүү түрдө маркировкалоо киргизилет. Тиешелүү тапшырманы Улукбек Марипов берди.   Белгилеп кетсек, маркировкалоо процедурасын киргизүүнүн алдында экономикалык ишмердүүлүк субъектилери арасында түштүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материал дагы 1,5 – 2 сомго кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материал дагы 1,5 – 2 сомго кымбатташы мүмкүн.   Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынан билдиришти. Андан белгилешкендей, дүйнөдө мунайдын баасы жогорулап жатат.   Алсак, 1-июнга карата мунайдын 1 баррели 69 доллар 46 центти түздү. Андан тышкары, россиялык заводдордо дагы материал кымбаттап жатат.  … Кененирээк…

Кыргызгидромет ысык аба-ырайындагы коопсуз чараларын эскертет

Кыргызгидромет ысык аба-ырайындагы коопсуз чараларын эскертет. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бугүн жана эртең Бишкекте, Чүй облусунда аномалдуу ысык болот. Бул күндөрү колдон келишинче түз тийген күн нурунан сактануу керек, ошондой эле сейилдөө үчүн эртең менен же саат 4төн кийин чыгуу сунушталат. Бул учурда ичүүгө таза суу… Кененирээк…

Кыргызстандыктар пандемия маалында көбүрөөк тамактанышты

Кыргызстандыктар пандемия маалында көбүрөөк тамактанышты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитинен билдиришти. Андан белгилешкендей, өлкө жашоочулары былтыр 2019-жылга салыштырмалуу көбүрөөк калориялуу азыктарды пайдаланды. Өлкөдө азыкты пайдалануу суткалык норма – 2 миң 101 килокалориядан дагы ашты. Барынан көп Ошто жогорулады – 150 килоколорияга жана Талас облусунда –… Кененирээк…

Европа биримдиги Баткен облусуна жардам көрсөтөт

Европа биримдиги Баткен облусуна жардам көрсөтөт. Биримдиктин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 17,5 миллион сом гуманитардык жардам катары берилет. Бөлүнгөн каражат курулдуу жаңжалда жабыркаган аймактагы 6 миң адамга материалдык жардам түрүндө бөлүштүрүлөт. Ошондой эле, психологиялык колдоо көрсөтүлүп, биринчи жардам топтому, гигиена каражаттары жана үй буюмдары берилет.

Валерий Кичин бүгүн Кыргызстан — Монголия беттешине катышпайт

Футбол боюнча улуттук курама команданын капитаны, жарым коргоочу Валерий Кичин бүгүн Кыргызстан — Монголия беттешине катышпайт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти. Ага ылайык, 2019-жылы Кыргызстан Тажикстан менен ойногон учурда Кичин эки сары карточка алган. Буга байланыштуу ФИФА аны беттештен убактылуу четтеткен. Монголия менен боло… Кененирээк…