Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материал дагы 1,5 – 2 сомго кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материал дагы 1,5 – 2 сомго кымбатташы мүмкүн.

 

Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынан билдиришти. Андан белгилешкендей, дүйнөдө мунайдын баасы жогорулап жатат.

 

Алсак, 1-июнга карата мунайдын 1 баррели 69 доллар 46 центти түздү. Андан тышкары, россиялык заводдордо дагы материал кымбаттап жатат.

 

Бул фактыларды эске алуу менен Кыргызстанда дагы бензин, дизелдик отундун баасынын жогорулашы күтүлүүдө. Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 50 сом 50 тыйындан сатылууда.