Кыргызгидромет ысык аба-ырайындагы коопсуз чараларын эскертет

Кыргызгидромет ысык аба-ырайындагы коопсуз чараларын эскертет.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, бугүн жана эртең Бишкекте,

Чүй облусунда аномалдуу ысык болот. Бул күндөрү колдон келишинче

түз тийген күн нурунан сактануу керек, ошондой эле сейилдөө үчүн эртең менен

же саат 4төн кийин чыгуу сунушталат. Бул учурда ичүүгө таза суу алып жүрүү керек.

Эске салсак, июндун башынан бери ордо калаада рекорддук ысык катталууда.

Күндүз абанын табы +36, 38 градуска жетүүдө, бул нормадан 7-8 градуска жогору.