Нарын облусунун Туз айлында мектептин курулушу ушул жылдын 1-сентябрына чейин жыйынтыкталат

Нарын облусунун Туз айлында мектептин курулушу ушул жылдын 1-сентябрына чейин жыйынтыкталат. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, эки кабаттуу имарат окуу корпусунан, спорт зал жана галереядан турат.

 

Мектеп 225 окуучуга чакталган.  Долбоорду ишке ашыруунун сметалык баасы 58 миллион 300 миң сомду түзөт.