Бишкекте кечки эмдөө түйүндөрү убактылуу жабылды

Бишкекте кечки эмдөө түйүндөрү убактылуу жабылды. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул чечим биринчи компонент менен вакцинация жыйынтыкталганына байланыштуу кабыл алынды.

 

Студенттер бейтапканасында жайгашкан түйүндө гана күндүзгү саат 3төн түнкү 11ге чейин эмделип алса болот.

 

Эске салсак, Бишкекте жалпысынан 24 эмдөө түйүнү ачылган. Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, ордо калаада 21 миң 135 адам вакцинация алды.