УКМК парламент депутаты жасалма диплом колдонгонун аныктады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «З.Т.З.» аттуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты, мурдагы вице-спикер жасалма дипломду колдонгону аныкталганын билдирди.   Ага ылайык, депутат билим алуу үчүн акы төлөбөгөндүктөн 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган.   Андан кийин, ал… Кененирээк…

Президент жол кырсыктарын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине (ИИМ) жайкы туристтик мезгилде автоунаалардын кыймылы эселеп көбөйөрүн эскертип, жол кырсыктарын алдын алуу чараларын күчөтүүнү тапшырды.   Президенттик администрациянын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Жапаров ошондой эле жарандарды да жол эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр… Кененирээк…

Кыргызстанда жагымдуу аба-ырайы көпкө сакталат

Кыргызстанда жагымдуу аба-ырайы көпкө сакталат. Абанын температурасы өлкөнүн түндүгүндө дагы, түштүгүндө дагы төмөндөйт. Алсак, Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 13…17 градуста сакталса, күндүз 20…28 градус жылуу болот. Бүгүн, эртең түштүк жана чыгыштын тоолуу райондорунда жаан катуу жаайт, айрым аймактарда мөндүр түшөт.

Бишкектин 36 көчөсүндө оңдоо иштери уланууда

Бишкектин 36 көчөсүндө оңдоо иштери уланууда. Андан улам, тилкелер убактылуу жабык. Буга байланыштуу жабылган көчөлөргө жакын жерлерде тыгындар пайда болуп жатат. Милициянын кайгуул кызматынан эскертишкендей, айдоочуларга альтернативалык каттамдарды түзүп алуу сунушталат. Белгилеп кетсек, кызматкерлер жол тыгыны пайда болгон көчөлөр кесилишинде нөөмөттө турат.

Сауд Аравия экинчи жыл катары менен чет өлкөлүк мусулмандарга ажылыкка тыюу салды

Сауд Аравия экинчи жыл катары менен чет өлкөлүк мусулмандарга ажылыкка тыюу салды. Өлкө бийлиги быйыл COVIDге каршы вакцина алган 60 миң жаранга ажылык кылууга уруксат берет. Июлда боло турган ажылыкка эмдөөн өткөн, 18ден 65 жашка чейинки өнөкөт оорусу жок адамдар катыша алат. Катоо онлайн түрүндө… Кененирээк…

Каракол шаарындагы мектептерде атайын лагерлер ачылды

Каракол шаарындагы мектептерде атайын лагерлер ачылды. Шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, мындай лагерлер 10 мектепте уюштурулду жана алардын иши 24-июнга чейин уланат. Кыска мөөнөттөгү лагерлер балдардын өнүгүүсүнө арналган атайын программа менен иш алып барат жана кызыгуусуна жараша сүрөт тартуу, кол өнөрчүлүк, спорттук оюндар өткөрүлөт.

Улуттук банк саламаттыкты сактоо мекемелерине POS-терминалдарды орнотууну сунуштап жатат

Улуттук банк саламаттыкты сактоо мекемелерине POS-терминалдарды орнотууну сунуштап жатат. Банктык карта менен төлөө мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатындагы мамлекеттик программанын долбоору дайындалды. Аны ишке ашыруу мөөнөтү 2022-жылдын аягына чейин. Белгилеп кетсек, документтин вариантында POS-терминалдарды орнотуу боюнча мөөнөт 2018-жылдын аягына чейин деп белгиленген. Бирок ушул убакка чейин бардык… Кененирээк…

Италия жана Бельгиянын футбол боюнча улуттук курама командалары өз топторунда алдыда келе жатат

Италия жана Бельгиянын футбол боюнча улуттук курама командалары өз топторунда алдыда келе жатат. «А» тобундагы Италия курама командасы биринчи оюнда Түркияны 3:0 эсебинде жеңип, 3 упай топтоду. Уэльс менен Швейцариянын оюну тең чыгуу менен аяктады. «В» тайпасында Бельгия курама командасы Россияны 3:0 эсебинде, Финляндия Данияны… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 257 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда дагы 257 адам коронавирустан айыгып чыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, сакайгандар аймактарга жараша Бишкекте – 132, Ошто – 50, Чүйдө – 33, Таласта – 5, Ысык-Көлдө – 16 жана Жалал-Абадда – 18 жана Баткенде – 3. Ушуну менен өлкөдө пандемия катталгандан бери ковидди жеңип… Кененирээк…

Кайра шайлоого катышууну каалаган партиялардан документтерди кабыл алуу аяктады

Жергиликтүү кеңештерди кайра шайлоого катышууну каалаган партиялардан документтерди кабыл алуу аяктады. БШКдан белгилешкендей, добуш берүүгө Бишкекте 17 партия, Ошто 9 жана Токмокто 6 саясий уюм ат салышат. 20-июнда Боршайком кайсы саясий партиялар каттоого алынганын жарыялайт. Ал эми үгүттөө өнөктүгү 21-июнда старт алат, ал 10-июль ссат… Кененирээк…