Кыргызстанда дагы 257 адам коронавирустан айыгып чыкты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, сакайгандар
аймактарга жараша Бишкекте – 132, Ошто – 50, Чүйдө – 33, Таласта – 5,
Ысык-Көлдө – 16 жана Жалал-Абадда – 18 жана Баткенде – 3. Ушуну менен
өлкөдө пандемия катталгандан бери ковидди жеңип
чыккандардын жалпы саны 102 миң 890го жетти.