Ош коронавирус эң көп катталгандар боюнча Бишкектен кийинки орунда

Ош коронавирус эң көп катталгандар боюнча Бишкектен кийинки орунда. Мындай көрүнүш соңку бир нече күндөн бери сакталып, Ош шаарында жана Ош облусунда ооруну жугузуп алгандардын саны жалпысынан бир күндө 150-160тын тегерегинде болууда. Буга чейин коронавирус боюнча Бишкектен кийинки орунда Чүй облусу турган. 8-июндан тартып Ош… Кененирээк…

Аты айтылбаган сатып алуучу космоско учуу үчүн 28 миллион доллар төлөдү

Аты айтылбаган сатып алуучу космоско учуу үчүн 28 миллион доллар төлөдү. «Известия» жарыялагандай, бул орунду алуу үчүн сатыкка 159 өлкөдөн 7,5 миңдей адам катталды. Аукциондун жеңүүчүсү Amazon ишканаларынын негиздөөчүсү Жефф Безос менен бирге космоско учат. Асманга учуу болжол менен 11 мүнөткө созулат. Капсула экипаждан ажырагандан кийин… Кененирээк…

Россияда Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш башталды

Россияда Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш башталды. Көк бөрү улуттук федерациясынан билдиришкендей, турнир Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында өтүп жатат. Ага Россиянын Подольск, Иркутск жана Москва облустарынын жана Кыргызстандын «Атуул» командалары катышууда. Белгилеп кетсек, спорттук иш-чара Россия жана Евразия элдеринин… Кененирээк…

«Чоң жети» өлкөлөрү өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге 1 миллиард доза вакцина бөлүп беришет

Жекшемби күнү Улуу Британияда аяктаган «Чоң жетинин» (G7) саммитинде көтөрүлгөн негизги темалардын бири коронавируска каршы күрөшүү болду. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери өнүгүп келе жаткан мамлекеттерди кеминде 1 миллиард доза вакцина менен камсыз кылууну убадалашты. Алардын жарымын АКШ, дагы 100 миллионун Улуу Британия бере турганы айтылды.… Кененирээк…

Кыргызстандык оор атлетчи Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

Кыргызстандык оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Уланбек Молдодосов билдирди. Спортчу 96 килограмм салмакта оор атлетика боюнча дүйнөдөгү мыкты 10 спортчунун катарына кирди. Эске салсак, буга чейин Токиодо өтө турчу жайкы Олимпиада оюндарына… Кененирээк…

Нарын шаарына жаңы мэр дайындалды

Нарын шаарына жаңы мэр дайындалды. Кызматка Самарбек Болотбеков бекитилди. Жаңы калаа башчысынын талапкерлигин шаардык кеңештин көпчүлүк колициясы колдоду. Белгилеп кетсек, Болотбеков 37 жашта, ал 2017-жылдан тартып ордо калаанын Свердлов районунун акими болчу. Ага чейин Бишкек мэриясында Жеке турак жай курулуш департаментинин жетекчиси болчу.

Москвага кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилди

Москвага кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилди. Калаа мэри Сергей Собянин жарыялагандай, Москвада 19-июнга чейин эс алуу жарыяланды. Ошондой эле шаар бийлиги ишканалардагы кызматкерлерге аралыктан иштөөнү сунуштады. Ошондой эле зоопарк, түнкү клуб, караоке, балдар аянтчалары, тамактануу жайларынын иштөө убактысына чектөөлөр киргизилди. Белгилеп кетсек, Москвада эпидемиологиялык кырдаал курчуп… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча катталуу башталды

Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча катталуу башталды. Ал 21-июнга чейин созулат — дешти Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунан. Абитуриенттер ордо калаадагы №24 мектеп-гимназиясында жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгында каттала алат. Эске салсак, тестирлөөнүн өзү 22-23-июнда гана Бишкекте жана Ошто өтөт.  Ага кандайдыр бир… Кененирээк…

“Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери жабылды

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери убактылуу жабылды. Түйүндөрдөн бүгүн, 14-июнда унаалар өткөрүлбөйт. Бул кытайда өтө турган күрүч майрамын белгилөөгө байланыштуу. Пункттар кайра эле эртең, 15-июнда ишин жандантат. Эске салсак, учурда «Торугарт» жана «Эркеч-Там» көзөмөл бекеттери өзгөчө алгоритм менен иштеп жатат. Тагыраагы, бул… Кененирээк…

Быйыл 5 айда калкка көрсөтүлгөн кызматтарга тарифтер 4 пайызга жогорулады

Быйыл 5 айда калкка көрсөтүлгөн кызматтарга тарифтер 4 пайызга жогорулады. Көрсөткүч январь-май аралыгында түзүлдү, ал былтыркы жылдын ушул эле мезгилине  тиешелүү. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, баалардын эң чоң өсүшү жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары боюнча – 14 пайызга, анын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуучу аба каттамдары — 2,7 эсеге,… Кененирээк…