Италия жана Бельгиянын футбол боюнча улуттук курама командалары
өз топторунда алдыда келе жатат. «А» тобундагы Италия курама командасы
биринчи оюнда Түркияны 3:0 эсебинде жеңип, 3 упай топтоду. Уэльс менен
Швейцариянын оюну тең чыгуу менен аяктады. «В» тайпасында Бельгия
курама командасы Россияны 3:0 эсебинде, Финляндия Данияны
1:0 эсебинде утуп алды. Белгилеп кетсек, маалымат Европа
чемпионатынын биринчи турунун жыйынтыгы боюнча түзүлдү.