Президент жол кырсыктарын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине (ИИМ) жайкы туристтик мезгилде автоунаалардын кыймылы эселеп көбөйөрүн эскертип, жол кырсыктарын алдын алуу чараларын күчөтүүнү тапшырды.

 

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Жапаров ошондой эле жарандарды да жол эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырды.

Кыргызстанда акыркы эки-үч күндүн ичинде эле автокырсыктан ондон ашык киши каза болду. Өлкөдө жол кырсыктарын азайтуу үчүн 2019-жылдан тартып Бишкек шаарында “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштаган.

 

Өткөн аптада Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов камера коюлган жерлерде жол кырсыктары азайганын айткан. Бирок жалпы эсепте кырсыктардын саны көбөйгөн.

 

Долбоордун экинчи баскычын ишке ашырчу компания тандалып алынганы менен иш баштала элек.