Улуттук банк саламаттыкты сактоо мекемелерине POS-терминалдарды орнотууну сунуштап жатат.
Банктык карта менен төлөө мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатындагы мамлекеттик программанын
долбоору дайындалды. Аны ишке ашыруу мөөнөтү 2022-жылдын аягына чейин. Белгилеп кетсек,
документтин вариантында POS-терминалдарды орнотуу боюнча мөөнөт 2018-жылдын аягына
чейин деп белгиленген. Бирок ушул убакка чейин бардык мекемелерде аппарат дагы деле жок.