Каракол шаарындагы мектептерде атайын лагерлер ачылды.
Шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, мындай лагерлер
10 мектепте уюштурулду жана алардын иши 24-июнга чейин уланат.
Кыска мөөнөттөгү лагерлер балдардын өнүгүүсүнө арналган атайын
программа менен иш алып барат жана кызыгуусуна жараша
сүрөт тартуу, кол өнөрчүлүк, спорттук оюндар өткөрүлөт.