Жергиликтүү кеңештерди кайра шайлоого катышууну каалаган партиялардан
документтерди кабыл алуу аяктады. БШКдан белгилешкендей, добуш берүүгө
Бишкекте 17 партия, Ошто 9 жана Токмокто 6 саясий уюм ат салышат. 20-июнда
Боршайком кайсы саясий партиялар каттоого алынганын жарыялайт. Ал эми
үгүттөө өнөктүгү 21-июнда старт алат, ал 10-июль ссат 8ге чейин созулат.
Шайлоонун өзү 3 шаарда, Бишкекте, Ошто жана Токмокто 11-июлда өтөт.