Сауд Аравия экинчи жыл катары менен чет өлкөлүк мусулмандарга ажылыкка тыюу салды

Сауд Аравия экинчи жыл катары менен чет өлкөлүк мусулмандарга ажылыкка тыюу салды.

Өлкө бийлиги быйыл COVIDге каршы вакцина алган 60 миң жаранга ажылык кылууга уруксат берет.

Июлда боло турган ажылыкка эмдөөн өткөн, 18ден 65 жашка чейинки өнөкөт оорусу жок адамдар

катыша алат. Катоо онлайн түрүндө болот. Эске салсак, былтыр ажылыкка 10 миң адам катышса,

пандемияга чейин 2019-жылы 2,5 миллион адам ажылыкка барган. Быйылкы сапар 17-22-июль

аралыгына белгиленди. Кадимки форматтагы ажылык жана жыл бою умра зыяраты

Сауд Аравияга жылына болжол менен 12 миллиард доллар киреше алып келет.