Ош шаарында коронавируска эмдөө үчүн 47 борбор ачылды

Ош шаарында коронавируска эмдөө үчүн 47 борбор ачылды. Түштүк калаанын мэриясынан билдиришкендей, вакцина алууну каалоочулар түйүндөргө паспорту менен кайрылса болот.   Алар үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, Ош мамлекеттик университетинин дарылоо пунктунда, авиашаарчада, ФАПтарда, борбордук жана кичи базарларда, ири супермаркеттерде, почта бөлүмүндө жана мектептерде жайгашкан.   Эске… Кененирээк…

Аксы районунда сел жүргөн Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды

Аксы районунда сел жүргөн Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.   Топон сууга агып кеткен эки бала табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жоголгон наристелерди издөө, селдин кесепетин жоюу иштерин улантууда.   Эске салсак, Аксыда 12-июлда жаандан улам кокту-колоттон сел жүрүп, сегиз кишини агызып… Кененирээк…

Аксыда сел агызып кеткен 3 жана 5 жашар балдар дээрлик бир суткадан бери табыла элек

Саат 18:00гө карата Аксы районунун Ак-Жол, Жаңы-Жол айылында сел агызып кеткен 3 жана 5 жашар балдар дале табыла элек. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашып, учурда издөө иштери улантылып жатканын белгилешти. Табигый кырсык кечээ, 12-июлда саат 18:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Жаңы-Жол айылында… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында суу сутка ичинде 35 миллион метр кубга көбөйдү

13-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 360 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.   «13-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 360 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 1 миң 37 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 1 миң 37 адам коронавирустан айыкты.   Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 593, Ошто 137, Чүйдө 117, Таласта 6, Нарында 10,  Ысык-Көлдө 32, Жалал-Абадда 83, Баткенде 59 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 120 миң 731 адам коронавирусту жеңди.

УЕФА Евро-2020 чемпионатынын символдук курамасын тартуулады

УЕФА Евро-2020 чемпионатынын символдук курамасын тартуулады.   Тизмеге 5 кураманын оюнчулары кирди.   Анын ичинде дарбазачы Джанлуиджи Доннарумма, коргоочулар Кайл Уокер, Леонардо Бонуччи, Гарри Магуайр, Леонардо Спинаццола, жарым коргоочулар – Пьер-Эмиль Хёйбьерг, Жоржиньо, Педри жана чабуулчулар Федерико Кьеза, Ромелу Лукаку, Рахим Стерлинг бар.   Эске… Кененирээк…

Кыргызстандын бүт аймагында жаан-чачын күтүлөт

Кыргызстандын бүт аймагында жаан-чачын күтүлөт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, республиканын басымдуу бөлүгүндө температура төмөндөп, катуу шамал болот.   Айрым жерлерде күн күркүрөп, мөндүр түшөт. Талас, Чүй облустарында түнкүсүн температура 12 градустан, ал эми күндүз 25-30 градустан жогору көтөрүлбөйт. Мындай туруксуз аба-ырайы 19-июлга чейин созулат.   Ал… Кененирээк…

Кыргызстан аймагына жарандары транспорт менен кире алган мамлекеттердин тизмеси кеңейтилет

Кыргызстан аймагына жарандары транспорт менен кире алган мамлекеттердин тизмеси кеңейтилет.   Бул тууралуу 24 агенттигине Туризм департаментинен билдиришти.   Бүгүнкү күнгө карата биздин өлкөгө аба жолдору менен бардык чет элдиктер жана туристтер кире алат. Аларга чектөөлөр жок. Ал эми министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, унаа менен… Кененирээк…

Москвада мушташкан кыргыз-тажик мигранттары Россиянын аймагынан чыгарылат

Москвада массалык мушташ уюштурган чет элдиктер соттун чечими менен Россиядан чыгарылат. Бул тууралуу РФтин Ички иштер министрлигине таянып РИА Новости жазды.   Окуяга байланыштуу башкаларга да жаза каралары айтылган.   «Массалык мушташка тиешеси бар дагы бир канча адамга Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салуу боюнча чечим кабыл… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, жарык эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин Фучик, Кызыл-Кыя, Дэн Сяопин, Скрябин, Матросов, Элебесов, Васильев көчөлөрүндө, Ак-Босого, Арча-Бешик, Ала-Тоо, Ала-Арча, Эне-Сай, Дордой, Келечек конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.