Аксыда сел агызып кеткен 3 жана 5 жашар балдар дээрлик бир суткадан бери табыла элек

Саат 18:00гө карата Аксы районунун Ак-Жол, Жаңы-Жол айылында сел агызып кеткен 3 жана 5 жашар балдар дале табыла элек. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашып, учурда издөө иштери улантылып жатканын белгилешти.
Табигый кырсык кечээ, 12-июлда саат 18:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Жаңы-Жол айылында 2 турак үйдүн короосун жана жайлоого баруучу ички чарбалык жолду сел каптап, көпүрөлөрдү агызып кеткен. Анын кесепетинен Таштак айылында 2016-жылы туулган К.А. аттуу бала, Жолборсту айылында 2018-жылы туулган Т.Ф. аттуу кызды агызып кеткен.
Жалпысынан 8 адамды сел агызып, анын ичинен 6 адам табылган. Бүгүн, 13-июлда каза болгондордун сөөгү жерге берилди.
Эске салсак, кечээ, 12-июлда кечки саат 19:30дар чамасында Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол айылдарында сел жүрүп, эки айылдан биригип 8 адам көз жумган. Алсак Ак-Жол айыл аймагынан бир үй-бүлөнүн 6 мүчөсү менен 12 жаштагы бир баланы сел алып кетсе, Жаңы-Жол айыл аймагында көчөдө ойноп жүргөн 6 жаштагы баланы сел агызып кеткен.