УЕФА Евро-2020 чемпионатынын символдук курамасын тартуулады.
Тизмеге 5 кураманын оюнчулары кирди.
Анын ичинде дарбазачы Джанлуиджи Доннарумма, коргоочулар Кайл Уокер, Леонардо Бонуччи, Гарри Магуайр, Леонардо Спинаццола, жарым коргоочулар – Пьер-Эмиль Хёйбьерг, Жоржиньо, Педри жана чабуулчулар Федерико Кьеза, Ромелу Лукаку, Рахим Стерлинг бар.
Эске салсак, Евро-2020 турнири 11-июлда жыйынтыкталды. Европа чемпиону наамына Италия курамасы ээ болду.