Ош шаарында коронавируска эмдөө үчүн 47 борбор ачылды

Ош шаарында коронавируска эмдөө үчүн 47 борбор ачылды. Түштүк калаанын мэриясынан билдиришкендей, вакцина алууну каалоочулар түйүндөргө паспорту менен кайрылса болот.

 

Алар үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, Ош мамлекеттик университетинин дарылоо пунктунда, авиашаарчада, ФАПтарда, борбордук жана кичи базарларда, ири супермаркеттерде, почта бөлүмүндө жана мектептерде жайгашкан.

 

Эске салсак, 11-июлдан бери Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен массалык эмдөө жүргүзүлүп жатат.