Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.
“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, жарык эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин Фучик, Кызыл-Кыя, Дэн Сяопин, Скрябин, Матросов, Элебесов, Васильев көчөлөрүндө, Ак-Босого, Арча-Бешик, Ала-Тоо, Ала-Арча, Эне-Сай, Дордой, Келечек конуштарында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.