Кыргызстандын бүт аймагында жаан-чачын күтүлөт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, республиканын басымдуу бөлүгүндө температура төмөндөп, катуу шамал болот.
Айрым жерлерде күн күркүрөп, мөндүр түшөт. Талас, Чүй облустарында түнкүсүн температура 12 градустан, ал эми күндүз 25-30 градустан жогору көтөрүлбөйт. Мындай туруксуз аба-ырайы 19-июлга чейин созулат.
Ал эми 20-июлдан кийин кайрадан аптаптуу күндөр келет.