13-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 360 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
«13-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 360 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 814 метр куб, агып чыгышы 407 метр кубду түзүүдө», — деп билдиришти мекемеден.
12-июлда суу сактагычта 11 миллиард 325 миллион метр куб суу бар болчу.