Тажикстан менен чек арадагы жаңжалда жабыркаган 122 адамга материалдык жардам көрсөтүлдү

Тажикстан менен чек арадагы жаңжалда жабыркаган 122 адамга материалдык жардам көрсөтүлдү. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонкулова билдиргендей, мамлекеттик бюджеттен бул максатта 34 миллион сом бөлүнгөн.   Андан тышкары, жабыркагандар ай сайын кошумча жөлөк пул берүү жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкты.… Кененирээк…

Жапаров Жамбылдагы жарылуудан улам Токаевге көңүл айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскер бөлүгүндө болгон жарылуудан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты.   «Бул суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен жакындарына көңүл айтам. Бул каргашалуу… Кененирээк…

Бийлик олимпиадаларда байгелүү орун алган окуучуларды сыйлады

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев президент Садыр Жапаровдун атынан эл аралык олимпиадаларга активдүү катышкан, билим берүүдө ийгиликке жетишкен окуучуларга ыраазычылык билдирип, белек тапшырды. Бул тууралуу басма сөз кызматы маалымдады.   Анда мамлекеттик катчы билим берүү тармагына мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бөлүнөрүн белгилеген. Сыйланган окуучулардын тизмеси бул жакта.… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин бөлүгүнөн унаалар өткөрүлбөйт

Бүгүн Бишкектин бөлүгүнөн унаалар өткөрүлбөйт. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата эске аянтта иш-чаралар өтүп жатат. Анда майрамдык парад өтүп, көргөзмө, жарманке уюштурулду. Андщан тышкары, эски аянтка кооздолгон боз үйлөр тигилди. Буга байланыштуу айдоочуларга каттамдарды эртелеп түзүп алуу сунушталат.

Акыркы жумада жергиликтүү көмүрдүн тоннасы 8,4 пайызга же 340 сомго кымбаттады

Акыркы жумада жергиликтүү көмүрдүн тоннасы 8,4 пайызга же 340 сомго кымбаттады. Мындай маалыматты монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Учурда кара отундун тоннасы 4 миң 390 сомго бааланат, бул акыркы айдагы эң кымбат баа. Ал эми өлкөгө ташылып келинген көмүрдүн наркы тескерисинче, 1,5 пайызга… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду. Өлкө башчы аппаратынан билдиришкендей, быйыл 11-апрелде өткөн референдумда кабыл алынган жаңы Конституцияда Жогорку Кеңешти түзүүнүн жаңы жол-жоболору каралып, депутаттарды шайлоого мүмкүн болгон шайлоо жөнүндө тиешелүү мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу талап кылынган.… Кененирээк…

Акыркы суткада өлкөдө 21 миң 172 адам коронавируска каршы вакцина алды

Акыркы суткада өлкөдө 21 миң 172 адам коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. Бир суткада эмделгендердин ичинен 7 973ү вакцинанын биринчи дозасын алса, 13 199у экинчи компонентин сайдырган. Жалпысынан 663 497 адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алган. Ал эми 412 346сы… Кененирээк…

Балага мектеп формасын туура тандоо жолу айтылды

Балага мектеп формасын туура тандоо жолу айтылды. Россиялык педиатрлардын айтымында, форма ыңгайлуу жана баланын өзүнө жагып, кездемеси ысык же суукту тартпашы зарыл, ошондой эле ал чоң же тар болбошу керек. Андан тышкары, окуучуга кымбат кийимдин дагы зарылдыгы жок. Чоңоюп калган бала менен кийимди чогуу тандаган… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров 27-28-августта Баткен облусунда иш сапары менен болот

Президент Садыр Жапаров 27-28-августта Баткен облусунда иш сапары менен болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы чек арага чектеш айылдарга барып, өнөр жай ишканаларынын абалы менен таанышат жана жергиликтүү тургундар менен жолугушат.

Кыргызстанда сырттан велосипед сатып алуу үч эсе өстү

Кыргызстанда сырттан велосипед сатып алуу үч эсе өстү. Быйыл жарым жылдыкта республикага 34 миң 200 велосипед алынып келинген. Негизинен Түштүк Корея, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайдан импорттолду. Алардын наркы 614 миң долларды түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу айта турган болсок, анда 11 миң велосипед 276… Кененирээк…