Акыркы суткада өлкөдө 21 миң 172 адам коронавируска каршы вакцина алды

Акыркы суткада өлкөдө 21 миң 172 адам коронавируска каршы вакцина алды.

Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир суткада эмделгендердин ичинен 7 973ү вакцинанын биринчи дозасын алса,

13 199у экинчи компонентин сайдырган. Жалпысынан 663 497 адам коронавируска

каршы вакцинанын биринчи дозасын алган. Ал эми 412 346сы экинчи

дозаны сайдырып, толугу менен эмдөөдөн өттү.

COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында

Кыргызстанда 3,4 миллион адамды эмдөө каралган. Жамааттык

иммунитет жаралышы үчүн кеминде калктын 70 пайызы

вакцина алышы зарыл. Бул 2,4 миллион адамды түзөт.