Президент Садыр Жапаров «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө»

конституциялык мыйзамга кол койду. Өлкө башчы аппаратынан билдиришкендей,

быйыл 11-апрелде өткөн референдумда кабыл алынган жаңы Конституцияда

Жогорку Кеңешти түзүүнүн жаңы жол-жоболору каралып, депутаттарды шайлоого

мүмкүн болгон шайлоо жөнүндө тиешелүү мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу

талап кылынган. Жаңы эрежеге ылайык, добуш берүүнү аралаш шайлоо системасы

боюнча өткөрүү каралат. Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана

бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат. Эми Жогорку Кеңештин

депутаттары жаңы Конституция менен дайындалат. Мыйзам бүгүнтөн тартып күчүнө кирди.