Акыркы жумада жергиликтүү көмүрдүн тоннасы 8,4 пайызга же 340 сомго кымбаттады.
Мындай маалыматты монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Учурда кара отундун тоннасы 4 миң 390 сомго бааланат, бул акыркы айдагы эң кымбат баа.
Ал эми өлкөгө ташылып келинген көмүрдүн наркы тескерисинче, 1,5 пайызга же
75 сомго арзандады. Учурда ал 4 миң 875 сомдон сатылууда.