Кыргызстандын энергокомпаниялары 2020-жылы 15,4 миллиард киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыкты

Кыргызстандын энергокомпаниялары 2020-жылы 15,4 миллиард киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыкты.   Бул 2019-жылга салыштырмалуу, 2 пайызга көп. Улуттук статистика комитетинен белгилешкендей, жалпы көлөмдүн 91 пайызын гидро электр станциялар өндүрдү.   Өткөн жылы өлкөдө 15,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясы колдонулду, бул бир жыл мурункуга салыштырмалуу, 2,3… Кененирээк…

Азиз Аалиев Улукбек Мариповдун биринчи орун басары болду

Азиз Аалиев Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Аалиев 2020-жылы Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеген. Ага чейин фонддун башкармалыгынын мүчөсү, өкмөттүн финансы жана насыя саясаты бөлүмүн башкарган.… Кененирээк…

Италиянын футбол боюнча курамасы дүйнөлүк рекорд орнотту

Италиянын футбол боюнча курамасы дүйнөлүк рекорд орнотту. Команда дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Швейцария курамасы менен 0:0 эсебинде ойноду.   Муну менен италиялыктар 36 беттеш катары менен жеңиле элек. Европанын аракеттеги чемпиону акыркы жолу 3 жыл мурда Португалия курамасына Улуттар лигасынын алкагында утулган болчу.  … Кененирээк…

Кыргызстанда жылдын биринчи жарымында айлыктын орточо көлөмү 19 миң 400 сомду түздү

Кыргызстанда жылдын биринчи жарымында айлыктын орточо көлөмү 19 миң 400 сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салышмырмалуу, дээрлик 8 пайызга көп.   Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.   Анын ортосунда, инфляцияны эске алуу менен иш жүзүндө маяна 2,6 пайызга кыскарды. Комитеттен… Кененирээк…

Парламенттик шайлоого катышуусун билдирип БШКга 75 партия кайрылды

Парламенттик шайлоого катышуусун билдирип БШКга 75 партия кайрылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Эске салсак, саясий уюмдардан билдирме кабыл алуу 3-сентябрда жыйынтыкталды.   А бирок талапкерлерди жылдыруу 13-октябрга чейин уланат. Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт.   Бул ирет добуш берүүдө алгачкы ирет… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын 2 миллион дозада запасы бар

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын 2 миллион дозада запасы бар. Бул тууралуу kgге республикалык имуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө калкты эмдөөдө басым АстраЗенека вакцинасына жасалууда. Буга себеп анын мөөнөтү октябрда соңуна чыгат. Ал эми кытайлык Синофарм препараты 2023-жылга чейин жарактуу. Учурда… Кененирээк…

Артем Новиковго мөөнөтүнөн мурда улук лейтенант аскердик чини берилди

Мурдагы вице-премьер министр Артем Новиковго мөөнөтүнөн мурда улук лейтенант аскердик чини берилди. Тиешелүү буйрукка 2021-жылдын 10-майында өлкөнүн коргоо министри Таалайбек Өмүралиев кол койгон. Новиков погондорду тапшыруу аземинин видеосун социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырды. Пагондорду министр Өмүралиев өзү тапшырды. Министр белгилегендей, буга чейин мындай сыйлыкты — улук лейтенант аскердик чинин мөөнөтүнөн… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы мектеп пайда болду

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы мектеп пайда болду. Токтоян айылында жайгашкан билим берүү объектиси 150 окуучуга чакталат, — дешти мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен. Учурда мектеп окуучуларды кабыл алууга толук даяр. Белгилеп кетсек, долбоорду ишке ашыруунун баасы дээрлик 50 миллион сомду түзөт.

“Манчестер Юнайтед” клубу Криштиану Роналдунун аты жазылган футболкаларды сатып 45 миллион доллар тапты

“Манчестер Юнайтед” клубу Криштиану Роналдунун аты жазылган футболкаларды сатып 45 миллион доллар тапты. Р-спорт жарыялагандай, форварддын 400 миң футболкасы 12 саатттын ичинде сатылды. Эске салсак, Роналду “Манчестер Юнайтед” клубуна италиялык “Ювентус” командасынан августта өттү. Ал аталган клубда буга чейин 2003-2009-жылдары 292 оюн өткөрүп, 118 гол… Кененирээк…

Кыргызстанда вакцина алган мугалимдердин саны 70 пайыздан ашты

Кыргызстанда вакцина алган мугалимдердин саны 70 пайыздан ашты. Бул тууралуу Novosti.kgге билим берүү министрлигинен билдиришти. Андан белгилешкендей, аталган көрсөткүч өлкө боюнча жогорку окуу жайларда, мектептерде жана бала бакчаларда иштегендер боюнча түзүлдү. Ал эми республикада билим берүү тармагында 150 миңден ашык мугалим жана техникалык персонал эмгектенет.… Кененирээк…