“Манчестер Юнайтед” клубу Криштиану Роналдунун аты жазылган футболкаларды
сатып 45 миллион доллар тапты. Р-спорт жарыялагандай, форварддын 400 миң
футболкасы 12 саатттын ичинде сатылды. Эске салсак, Роналду “Манчестер Юнайтед”
клубуна италиялык “Ювентус” командасынан августта өттү. Ал аталган клубда буга чейин
2003-2009-жылдары 292 оюн өткөрүп, 118 гол жараткан. Криштиану Роналду
“Манчестер Юнайтед” командасынын катарында Англиянын
чемпионатын үч жолу, Чемпиондор лигасын бир жолу жеңген.